Difference between revisions of "АНЕКДОТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(гр. anekdotos – жарыяланбаган) –тамашалуу ж-а сатиралык курч мүнөздөгү

күлкүлүү кыскача баян. «А.» деген термин 1- жолу Прокопий Кесарийскийдин сатиралык «Купуя сырларында» (6-к.) колдонулган. Россияда 18-к-дын 2-жарымында тарай баштаган. Түрк элдеринде А-тор көбүнчө Молдо Насредин, Кожо Насредин ж-а Апендинин ысымдарына байланыштуу айтылат. Кыргыз ад-тында А. деген түшүнүк Октябрь рев-ясынан кийин пайда болгон. Мурда ал «шакаба», «тамаша», «аңгеме» деп аталып келген. Кыргыз элинде Куйручук, Шаршен, Жоошбай ж. б-дын күлкүлүү кылыкжоруктарын баяндаган А-тор бар. Бул жанр актуалдуу темада чыгарылып, өтө тез тарагандыгы м-н өзгөчөлөнөт. Негизги касиеттеринин бири – А. дайыма курч, таамай айтылган сөздөрдүн негизинде курулат. Элдик оозеки чыг-лыкта, о. эле күндөлүк кадыресе турмушта кеңири кездешет.