Difference between revisions of "АНГОРА ЭЧКИСИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– жүн (тыбыт) багытындагы эчки породасы. Түркиянын Ангора (аты

ушундан) провинциясында илгертен асыралган.

АНГОРА ЭЧКИСИ 80.png

19-к-да АКШ, Африка, Австралияга алып келинген. Текесинин салм. 50-55 кг, эчкиси 32- 36 кг. Бир эчкиден жылына 90-100 кг сүт саалат. А. э-нин жүнү ак, жылтылдак, бир кылка, ичкелиги 44-46-сапатта. Жүнүнүн уз. 25 см. А. э-нин жүнүнөн сапаттуу кездеме (драп), тукаба, килем, түрдүү трикотаж, терисинен мех жасалат. А. э. кылчык жүндүү эчкини аргындаштырууда пайдаланылат. А. э. ж-а аргындары О. Азияда, Түн. Кавказда, Казакстанда багылат. Кырг-нда жерг. эчки м-н аргындаштырылган.