Difference between revisions of "АНГЛИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(England, Anglia) – Улуу Британиянын адм.-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу.

Улуу Британия а-нын көп бөлүгүн ээлейт. «А.» деген ат көп учурда Улуу Британия мамлекетин билгизет. Аянты 131 миң км2. Калкы
млн (2010). А. 5-6-к-да Британиянын аймагына көчүп келген герман уруусу англдардын атынан аталып калган. Кээде «А.» деп Улуу Британияны ж-а Түн. Ирландияны да аташат. Улуу Британиянын аянтынын 54%, калкынын 83% А-га туура келет. А. адм.-айм. жактан 46 графтыкка ж-а Чоң Лондонго бөлүнөт. Борбору - Лондон ш. Улуу Британиядагы казылып алынган темир ж-а көмүр кенинин дээрлик баары А-дан чыгат. Машина куруу, хим., тамак-аш (Лондон, Манчестр, Ливерпул), кара металлургия, оор машина (Шеффилд, Дерби), кеме (Ньюкасл, Мидлсборо) куруу, болот эритүү, металл иштетүү (Бирмингем), көмүр казып алуу, кездеме токуу (Брадфорд, Лидс) ж. б. өнөр жай тармактары өнүккөн. Айдоо аянттарында буудай, арпа, кант кызылчасы өстүрүлөт. Уй, кой, үй куштары багылат. Транспорттун бардык түрү өнүккөн. Ири порттору: Лондон, Ливерпул, Манчестер, Саутхемптон, Халл, Бристоль ж. б. А-нын табияты, тарыхы, экономикасы, мад-ты ж-дө к. Улуу Британия.