Difference between revisions of "АНГЛИЧАНДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(өздөрүн инглиш деп аташат) – эл, Улуу Британиянын негизги калкы. Жалпы саны 38 млн киши (2011). Англия ж-а Уэльсте А. өздөрүн А-быз деп аныкташкан. 2011-жылдагы эл каттоо б-ча Канадада 7 млн, Австралияда 600 миң, АКШда 357 миң, Индияда 100 миң, Жаңы Зеландияда 44 миң да жашашат. Англис тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү протестант-англикандар, о. эле католиктер да бар. А-дын этностук негизин б. з. 1-миң жылдыгында Британ а-на келип, ал жерде

жашаган байыркы кельт уруулары м-н ассимиляцияланган ж-а кийин аларды Шотландия, Уэльс, Корнуолланын тоолуу аймактарына сүрүп чыккан англ, сакс, ют ж-а фриздер сыяктуу герман уруулары түзөт. 1066-ж. Англияны норманндардын жеңип алышы – А-дын этностук тарыхындагы маанилүү окуялардын бири. Өлкөдө франктар м-н норманндар үстөмдүк кылышып, калктын англис тилинде сүйлөгөнүнө карабастан, башкаруучулар-барондор француз

АНГЛИЧАНДАР 74.png

тилинде сүйлөшкөн. 12-13-к. Англия мамлекетинин борборлоштурулушу, англосаксондордун франк тилинде сүйлөгөн нормандар м-н этностук консолидация-биригиши м-н коштолгон. 16–17-к. жаңы англис тили калыптанган. 17-к-да англиялык бурж. рев-янын натыйжасында, англичан улутунун калыптануу процесси аяктаган. 17– 19-к. Англиянын колониялык саясатынын жүрүшүндө А. Түн.
Америкага, Австралияга, Жаңы Зеландияга, Түш. Африкага жер которушуп, ал жердеги жерг. элдер ж-а эмигранттар м-н аралашып, англис тилдүү жаңы элдер – АКШнын америкалыктары, англоканадалыктар, австралиялыктар, жаңы зеландиялыктар ж. б. пайда болгон. 20-к-да А-дын кайрадан мекенине кайтуу процесси башталган. Учурда А-дын көпчүлүгү шаарда турушат (90 %тен ашыгы). А. кеңири пайдаланган англис костюму (кийин европалыктарга кеңири тараган) бул жерде 19-к. пайда болгон. Бүгүнкү күндө королдук гвардиянын, парламенттин, соттун айрым өкүлдөрүнүн кийимдеринде о. кылымдардагы кийимдердин айрым элементтери кездешет. Негизинен эт азыктары: ростбиф, бифштекс, бекон ж. б., о. эле балыктан жасалган тамактар кеңири тараган.