Difference between revisions of "АНГИДРИТ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– минерал, сульфаттар классына
кирет. Хим. формуласы Са (S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак, бозомук, көгүш, кызгылт. Майда бүртүкчөлүү көгүш түрү
вульпинит же бергам мрамору деп аталат. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3–3,5, тыгыздыгы 2980 кг/м 3. С. салм.
2,8–3. Сууга тийсе ным тарткандыктан көлөмү
30% ке чейин чоңоюп, гипске айланат. А. негизинен чөкмө түрүндө, кээде гидротерм жолу
м-н пайда болот. Жер семирткич катарында, цемент даярдоодо ж-а кооздук үчүн майда буюмдарды жасоодо пайдаланылат.