Difference between revisions of "АНАЛХАК –"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
санжыралык даректер б-ча кыргыз элинин түпкү аталарынын бири. А-тын кыргыз генеологиясына киргизилиши Сайф ад-Дин
Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» (16-к.)
кол жазмасына байланыштуу. Бул эмгекте кыргыздардын *Ак уул» ж-а *Куу уул» болуп, б. а.
«оң канат» ж-а «сол канатка» бөлүнүшүндө А.
алардын баш бабаларынын бири катары көрсөтүлөт. Кыргыз санжыраларынын көпчүлүгүндө
А. кыргыз элинин түпкү аталарынан деп аталып, кээде ал аталыш – Аналак, Маналак, Самансур, Шамансур, Шейх Мансур түрүндө айтылат. Осмонаалы Сыдык уулунун Муктасар
тарых-и Кыргызийа» (1913) ж-а Тарих-и Кыргыз Шадмания» (1914) эмгектеринде: «Кыргыздан Сафар шаа, андан Алхак; андан Рашидилха; андан – Аналхак. Бул ысымдар арабдар
м-н жакын турганда коюлган», – деп А. аталышынын кайдан чыккандыгын тактайт. Чыгыштаануу ил. изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй А. мусулман дининин суфий агымында
пайда болгон түшүнүк деп саналат ж-а ал түп
нускасында «Ана-л-Хакк» – деп айтылып, ал
«Мен Кудаймын» дегенди билдирет. Мындай
түшүнүктү 9–10-к-дын тогошунда жашаган айтылуу суфий шейхи – Шейх Мансур ал – Халладж айткан ж-а анын 9-к-дын соңунда диний
миссия м-н Чыгыш Түркстанга келип кеткендиги белгилүү. Балким, кыргыздардын Шейх
Мансур ал Халладж м-н жолугушу ж-а алардын бир бөлүгүнүн ислам динине кириши, суфий шейхинин 9-к-дын соңунда Чыгыш Түркстанга келген маалында болушу мүмкүн. Тарыхый булактарга ылайык, кыргыздар 9-к-дын
орто ченинде Уйгур кагандыгын басып алгандан кийин, алардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстанга жер которушкан ж-а A-ты баба башатына
киргизилиши ушу л мезгилде жүрсө керек.
М. Кожобеков.