Difference between revisions of "АММАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 – Иордания Хошимит Королдугунун

борбор шаары. Амман губернаторлугунун адм. борбору. Зерка д-нын боюнда, өлкөнүн түн.-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2013). Жолдор тоому. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. Нефть ажыратуу, тамак-аш, тамеки, текстиль, цемент ж. б. өнөр жайлары иштейт. Ун-т, археол. ж-а ислам музейлери бар. Байыркы убакта Раббат-Аммон, эллада-рим доорунда Филадельфия деген ат м-н белгилүү. 1921-ж. Трансиордания эмирлигинин, 1946-жылдан көз карандысыз Иорданиянын борбору. 7-9-к-да араб халифаттыгынын, 10-к-дан кийин Жакынкы Чыгыштын ар кайсы мамлекетинин курамында болгон. Байыркы Рим ж-а араб курулмаларынын урандылары сакталган.