Difference between revisions of "АМАНУЛЛА ХАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(1892–1960) – афган королу

(1919–29). Улуу Британияга каршы А.-х. башында турган афган элинин боштондук күрөшү ийгиликке жетишип, 1919-ж. 28-февралда Афганистан көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. 1919-ж. РСФСР м-н достук келишимин, 1926-ж. бейтараптык ж-а өз ара кол салышпоо ж-дө СССР м-н келишим түзгөн. А.-х-дын реформалары улуттук экономиканы ж-а мад-тты өнүктүрүүгө ж-а мамлекеттин көз каранды эместигин бекемдөөгө багытталган. Анын тушунда кулчулукка каршы, балакатка жетпей никелешүүгө, о. эле калың төлөн, аял алууга ж. б. тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. Көптөгөн жаш афгандыктар билим алууга мамлекет тарабынан Европага ж-а Түркияга жиберилген. 1923-ж. Афганистандын алгачкы Конституциясы кабыл алынган. 1928–29-ж.
Афганистанда А. х-дын реформаларына нааразы
болгон мусулман дин башчылары козголоң уюштуруп,
А.-х. чет жерге качууга аргасыз болгон. Цюрихте
(Швейцария) дүйнөдөн кайтып, сөөгү
Желал-Абадга (Афганистан) коюлган.