Difference between revisions of "АМАНАТ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– 1) зарыл учурда (алыс сапарга, соодага, жоокерчиликке, абакка, мал оторлотууга
ж. б. кеткенде) байлыгын, буюмун, куралын,
малын, үй-жайын, а түгүл үй-бүлөсүн ишенчиликтүү бирөөгө убактысынча таштап кетүү;
2) кыргыздардын өкүлү же элчиси катары башка элдердин арасында убактылуу жашаган
киши. А-ка таасирлүү адамды, көбүнчө чоң манаптардын тукумунан, туушкандарынан дайындашкан. А. жасалгалуу ак үйдө жашоочу.
Ошондуктан аны «ак үй» же «ак үйлүү» деп да
аташкан. А. 19-к-дын аягында жоюлган, к. «Ак
үйлүү».