Difference between revisions of "АЛЧА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:19, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(Prunus divaricata Ledeb.) – роза гүлдүүлөр

тукумунун кайналы уруусундагы мөмөлүү дарак; бийикт. 3-10 м, гүлү ак, мөмөсү тоголок, сүйрү, өңү сары, кызыл, мала кызыл, кара кочкул, даамы кычкыл, салм. 15-35 г.

АЛЧА 11.png

Илдетке туруктуу, көчөтү 2-3 жылдан кийин мөмө байлайт. Жапайы ж-а өстүрүлмө түрү Балкан ж. а-ында,
О. ж-а Кичи Азияда, Иран, Түн. Кавказ, Украина, За-
кавказье, Молдавияда кездешет. Кырг-ндын түштүгүндөгү мөмө-жемиш токойлорунда ЗОдай жапайы түрү өсөт. Кийинки жылдары ири мөмөлүү
А. өстүрүлө баштады. Бир түп дарагынан 8- 10 кг түшүм алынат. Мөмөсүндө кант, алма ж-а лимон к-талары, С витамины болот. Андан компот, кыям, повидло ж. б. жасалат. Кеңири белгилүү сорттору: Изобильная, Малиновая, Десертная ж. б. Зыянкечтери: кара алтынчык, алма шиш тумшугу ж. б. Илдеттери: клястероспориоз, вертицилёз.