Difference between revisions of "АНТИКАЛЫК ДҮЙНӨ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(лат., antiquitas – байыркы, эзелки) – Байыркы Грекия (эллинизм

доору кошо) ж-а Байыркы Рим м-н байланышкан байыркы дүйнө тарыхынын этабы. Гректердин, римдиктердин байыркы ар кыл мурастарына (антикалык иск-вонун чыгармаларын чогултуу, Байыркы Грекия м-н Римдин тарыхын изилдөө) кызыгуу зор болгон Кайра жаралуу доорунан баштап «антикалык искусство»,
«ан-тикалык адабият», «антикалык тарых», «антикалык маданият», «антикалык философия» деген түшүнүктөр пайда болгон. Ал өлкөлөрдүн социалдык-экон. тарыхын изилдеп билүүгө болгон кызыгуунун күчөшүнөн улам «антикалык коом», «антикалык шаар», «чарба жүргүзүүнүн антикалык системасы» деген түшүнүктөр келип чыккан. Антикалык коомдо өндүрүштүн негизги каражатына (жерге) общинанын – полистин толук укуктуу мүчөсү гана эгедер боло алган. Полистик түзүлүштүн негизин элдик чогулуш түзгөн ж-а ал бардык маанилүү маселелерди чечкен. Байыркы коомдо полистин толук укуктуу жарандарынын саясий турмушка ж-а мамл. башкарууга катышуусуна мүмкүнчүлүк берген демократиянын пайда болушунун зор мааниси болгон. Азчылыкты түзгөн эркин калктын артыкчылыктарга ээ болуусуна карабастан, бул өз мезгили үчүн шилтенген ири кадам эле. Бирок бардык эле полистерде демократия кеңири жайылтылган эмес. Бир катар грек мамлекеттери (Афины, Коринф ж. б.) ж-а Рим сыяктуу байыркы коомдордун өнүгүшүнүн белгилүү бир учурунда өндүрүштүн негизги тармактарында кул эмгеги кеңири пайдаланып, бул эмгек башкы өндүргүч күчтөрдүн бири болуп калган. Байыркы коомдо адамзаттын баалуу мурастары түзүлгөн. Философия, ад-т, арх-ра өнүгүүнүн жогорку чегине жеткен.