Difference between revisions of "АНТАЛКИД ТЫНЧТЫГЫ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(б. з. ч. 387-ж.) –
Афины м-н Фива жетектеген грек полистеринин коалициясы м-н Спартанын ортосундагы
тынчтык келишими. Келишим Коринф согушу
(395–387) аяктагандан кийин түзүлгөн ж-а Спартанын өкүлчүлүгүнүн башчысы Анталкиддин
аты м-н аталган. Персия алгач Спартага кар-шы
күрөшүп, кийинчерээк Спарта м-н бирдикте
Афиныга каршы союз түзгөн. Ошондуктан, негизинен Персия тарабынан таңууланган А. т.
шарттары б-ча Грекия грек-перс согушунда
(б. з. ч. 500–449-ж.) жеңип алгандарынан ажыратылып, Кичи Азия шаарлары кайрадан Ахемениддер династиясынын карамагына өтөт. А. т.
шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө Спартага тапшырылып, анын натыйжасында Грекияда Спартанын таасири жогорулаган. Бул келишим Грекияда саясий бытырандылыктын
ж-а ич ара күрөштүн күчөшүнө алып келген.
А. т-нын тексти Ксенофонттун «Грек тарыхында» баяндалат.