Difference between revisions of "АНГОЛА-КОНГО АЛМАЗ ПРОВИНЦИЯСЫ"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
4 -сап: | 4 -сап: | ||
Респ-сынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү | Респ-сынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү | ||
алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып | алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып | ||
алынат. Аянты 140 миң '' | алынат. Аянты 140 миң ''км<sup>2</sup> .'' Суммардык ресурсу (млн карат): алмаз кен чачындысыныкы 150 | ||
(Ангола) ж-а 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) ж-а 250 (Конго). 1907-ж. Касан | (Ангола) ж-а 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) ж-а 250 (Конго). 1907-ж. Касан | ||
д-нын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор | д-нын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор |
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
–
алмаздын запасы ж-а казып алынуусу б-ча дүйнөдөгү кенташтуу (рудалуу) ири аймактардын бири. Ангола Респ-сынын ж-а Конго Демокр. Респ-сынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып алынат. Аянты 140 миң км2 . Суммардык ресурсу (млн карат): алмаз кен чачындысыныкы 150 (Ангола) ж-а 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) ж-а 250 (Конго). 1907-ж. Касан д-нын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор мезгилинде пайда болгон кимберлит интрузиясы м-н байланышкан. Алар негизинен провинциянын түш.-чыгыш чеги б-ча өз-өзүнчө бөлүнгөн аймактарды пайда кылган. Анголада 7 кимберлит аймагы (аларда 800дөн ашуун түтүк, а. и. эң ири Камафука-Камазамбо, Катока түтүктөрү), Конгодо – бирөө (15тей түтүк) бар. Алмазды казып алуу негизинен анын чачынды кендеринен – антропогендик борпоң тоо тектеринен (кум м-н шагылдан (зергерлик алмаздын 65–85% алынат), андан башка бор мезгилинин конгломераттарындагы ж-а кимберлиттердеги байыркы кен чачындыларынан казып алынат. Мында казып алуу адеп башталгандан тартып бардыгы 1 млрд карат, а. и. Анголанын чачынды кендеринен 60 млн карат алмаз өндүрүлгөн.