Difference between revisions of "АНАТОМИЯ"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. anatome – тилүү, муунга ажыратуу) – организмдердин ж-а алардын органдары м-н системаларынын түзүлүшү, формасы
ж-дөгү илим; клеткадан жогорку структураларды үйнөнүүчү морфологиянын бир бөлүгү. Ал
жаныбарлар (зоотомия), киши (антропотомия)
ж-а өсүмдүктөр (фитотомия) А-сы болуп бөлүнөт.
Жаныбарлар түзүлүшүндөгү окшоштук ж-а
айырманы жаныбардын салыштырмалуу А-сы
изилдейт. Адам органынын түзүлүшүн алардын
аткарган кызматын билбей туруп, оорулуу же
соо кишинин денесиндеги өзгөрүүлөрдү түшүнүү
мүмкүн эмес. А. – байыркы илим. Байыркы
Египет окумуштуулары өлгөн адамдын денесин
бальзамдап катырган. Байыркы индустардын
«Билим» аттуу китебинде адам денесинде 500
булчуң, 90 тарамыш, 900 байламта, 24 нерв, 300
сөөк, 107 муун, 9 орган, 400 кан тамыр бар экендиги айтылган. О. кылымда А-нын өсүшүнө Ави
ценна зор салым кошкон. 16-к-да Леонардо да
Винчи, А. Везалий, Г. Фаллопий, Б. Евстахий
ж. б. адамдын органдарынын түзүлүшү ж-дө
биринчи болуп маалымат беришкен. 1628-ж.
У. Гарвей организмде кан айлануу, француз
окумуштуусу К. Биша ткань ж-дөгү окуу-гистологияга негиз салган. Россияда А-лык изилдөөлөр ж-дө биринчи маалымат 17-к-га таандык. Өлүктү союп көрүү 1-жолу 18-к-да Москва госпиталында болгон. 18-19-к-дарда орус
окумуштуулары: П. А. Загорский, П. Ф. Лесгафт, М. И. Шени, И. И. Пирогов, Д. И. Зернов
ж. б. А-нын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан.
Киши денесинин түзүлүшүн изилдөө ыңгайлуу
болсун үчүн А. кызматы, түзүлүшү ж-а өнүгүүсү
окшош органдар системасы б-ча баяндалат. Буга
байланыштуу А. төмөнкүчө бөлүнөт: остеология – сөөк ж-дөгү; артросиндесмология – муундар ж-а сөөктөрдү бириктирүүчү байламталар
ж-дөгү; миология – булчундар, сплонхология -
ички органдар; ангиология – кан ж-а лимфа
системалары, неврология – борб., четки нерв системасы; эндокринология – ички секреция бездери; эстезиология – сезүү органдары ж-дөгү
илим. Организмдин жаш өзгөчөлүгүнө жараша
органдардын формасы м-н түзүлүшүнүн мыйзамченемдүү өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүгү курактык А. деп аталат. Функциялык А. айрым
органдар м-н системалардын түзүлүшүн ж-а формасын кызматына жараша изилдейт. Органдардын ж-а системалардын микроскоптук түзүлүшү ж-дөгү илим – гистология. Оорудан формасы өзгөргөн ж-а бузулган органдар, ткандар
ж-дөгү илим – патологиялык А. Анын изилдөө
ыкмалары да ар түрдүү. Өсүмдүктүн түзүлүшүн
өсумдүк анатомиясы үйрөтөт.
Ад.: Лесгафт П. Ф. Избранные труды по анатомии.
М., 1968; Богоявленский Н. А. Отечественная анатомия
и физиология в далеком прошлом. М., 1970.
Б. Бегалиева.