Difference between revisions of "АМПЕРОМЕТРЛИК ТИТРЛӨӨ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– сан анализинин электрхим. ыкмасы. Титрлөөнүн акыркы
чекити индикатордук электродаун туруктуу потенциалында диффузиялык токтун титранттын
көлөмүнө болгон көз карандылыгы б-ча аныкталат. Ченелүүчү диффузиялык токту пайда кылуучу электрохим. активдүү заттын милдетин,
аныкталуучу ион, титрант же электрохим. ячейкага кошумча киргизилген индикатор аткарышы мүмкүн. Индикатор электроддун потенциалынын маанисин тандоо, аныкталуучу заттын
ж-а титранттын вольтамперограммалары б-ча
жүргүзүлөт. Титрант катары чөктүргүч, кычкылданткыч, калыбына келтиргич же комплексти
пайда кылуучу заттардын белгилүү концентрациядагы эритмеси колдонулат. Уюлдануучу
индикатор электрод катары тамчылап турган
сымап электроду, о. эле көбүнчө платина, графит ж-а көмүртектүү айнектен жасалган катуу
электроддор колдонулат. Ал орг. ж-а орг. эмес
заттарды анализдөөдө чөкмөлөрдүн эригичтигин,
комплекстик бирикмелердин туруктуулугун
аныктоодо кеңири колдонулат.