Difference between revisions of "АММОСОВ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Максим Кирович [(11. (23). 10. 1897,
Якутия, Нам обл., Хатыры айылы – 28. 7.
1938)] – саясий ж-а мамл. ишмер. 1915–18-ж.
Якутскидеги мугалимдер семинариясында, 1930–
32-ж. Москвадагы Кызыл профессура ин-тунда
окуган. Якутияда Совет бийлигин орнотууга
катышкан. 1921-ж. Якут ревкомунун төрагасы,
1922–23-ж. РКП(б)нын Якут обл. бюросунун
секретары, Москвадагы Якут өкүлчүлүгүнүн
төр-агасы, 1925-28-ж. Якут АССР Эл Комиссарлар
Советинин ж-а Борб. аткаруу к-тинин төрага-сы,
1932–34-ж. партиянын Батыш Казакстан обкомунун секретары, 1934–36-ж. партиянын Караганды, 1936–37-ж. Түн. Казакстан обкомдорунун биринчи секретары. 1937-ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 1-секретары, 1937-жылдын мартынан Кырг-н КП(б) БКнын 1-секретары болуп
иштеген. 1938-ж. жазыксыз камакка алынып,
репрессияланган.