Difference between revisions of "«АМИРАНИАНИ» эпосу"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(«Күн баласы») – байыркы
грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы Амирани чагылгандуу булут кудайынын
кызын уурдап кетип, адамдарды мифтик дөөлөрдүн туткунунан бошотуп, аларга от жакканды, темирден курал, буюм жасаганды үйрөткөн,
кудайлар м-н жекеме-жеке күрөшкө чыккан.
Ошондуктан Кудай аны катуу жазалап, Кавказ
тоолорунун аскасына матап салат. Бул уламыш
Грузияда, б. з. ч. 5-4-к-да эле болгондугун байыркы грек жазуучуларынын чыгармалары далилдейт. А. ж-дөгү уламыш кийин Байыркы
Грецияга тарап, Прометей тууралуу мифке кошулуп кеткен. Азыркы күндө эпостун 120га
жакын варианты бар.