Difference between revisions of "АМАЗОНКА ОЙДУҢУ"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 3 -сап: | 3 -сап: | ||
алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, о. эле | алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, о. эле | ||
Колумбия, Эквадор ж-а Перунун аймагында. | Колумбия, Эквадор ж-а Перунун аймагында. | ||
Аянты 5 млн '' | Аянты 5 млн ''км<sup>2''</sup>ден ашык. А-га Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) ж-а Бразилия | ||
(түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектон. ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый | (түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектон. ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый | ||
ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш А-га накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын | ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш А-га накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын | ||
01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Амазония – Түш.
Америкадагы табигый аймак. Амазонка д-нын алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, о. эле Колумбия, Эквадор ж-а Перунун аймагында. Аянты 5 млн км2ден ашык. А-га Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) ж-а Бразилия (түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектон. ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш А-га накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын 3000 ммге чейин түшүп, дайыма суусу мол дарыялар көп, өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын эндемик түрлөрү бар экватордук токой (гилей) өсөт. Чыгыш А. дөңсөөлүү (бийикт. 350 мге жетет), дарыялары босоголуу, терең капчыгайлар м-н агат. Жалбырагы күбүлмө токой басымдуу, айрым жеринде саванна кездешет. Калк сейрек отурукташкан, алар негизинен токой чарбасы, аңчылык кылып, балыку уулап, о. эле дыйканчылык м-н кесип кылат. Кен байлыктары – марганец (Сьерра-ду-Навиу), калай (Рондония аймагы), алмаз ж-а алтын (Мадейра бассейни). Негизинен дарыялар аркылуу катташат. А-нын түш. бөлүгүнөн Бразилиядагы эң чоң жол – Трансамазонка автомобиль жолу өтөт.