Difference between revisions of "АЛЯСКА"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– 1) Түн. Американын түн.-батышындагы жарым арал. АКШнын Аляска штатында. Беринг деңизинин Бристоль булуңу м-н Тынч
океандын аралыгында. Уз. 700 км, туурасы 10- 170 км. Негизинен Алеут кырка тоосун ээлейт; анын кырын аракеттеги (Катмай жанар тоосу, бийикт. 2047 м) ж-а өчкөн жанар тоолор түзөт. Эң бийик чокусу 2507 м (Вениаминов жанар тоосу). Түн.-батыш жээги ойдуңдуу, көл көп. Тоолуу тундра өсүмдүктөрү басымдуу; чакан мөңгүлөрү бар. 2) АКШнын түн.-батышындагы штаты (1958-жылдан), АКШнын негизги аймагынан Канада бөлүп турат. Аянты 1523 миң км2. Калкы 736,7 миң (2014). Адм. борбору – Жуно ш. Жерг. калкы – индейлер, эскимостор, алеуттар. А-нын аймагында европалыктардан алгачкы жолу орустар болгон. 1867-ж. падышалык Россия АКШга 7,2 млн долларга сатып жиберген.