Difference between revisions of "АЛЮМИНИЙ КЕНТАШТАРЫ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– алюминий металлын алууда пайдаланылуучу тоо тектер.
Табияттаалюминий 200ге жакын минералдын ж-а тоо тектин курамында кездешет.
Бирок алардын кээ бирөөлөрүнөн гана алюминий алынат. Алюминийдин негизги кенташы -
боксит. Анын курамындагы алюминий кычкылы (А1203) 85% ке жетет. Кенташтан адегенде алюминий оксиди, андан кийин таза алюминий электролиттик жол м-н бөлүнөт. Нефелиндүу сиенит ж-а нефелин-апатиттүү тоотектерден, алунит, андалузит минералдарынан да
алюминий алынат. Лейцит, лабродолит, анортозит ж-а силлиманиттүү, андалузиттүү, дистендүү сланецтер келечекте алюминий сырьёсу
катары колдонулушу мүмкүн. Алюминий кенташтарынын (рудаларынын) ири кендери Россияда (Урал, Алтай ж-а Краснояр крайлары),
Казакстанда, Америкада (Ямайка, Гайана, Суринам, Бразилия), Африкада (Гана, Гвинея),
Францияда, Индияда, Норвегияда, Испания
ж. б. жерлерде жайгашкан. Кырг-нда Сандык
ж-а Зарделек нефелиндүү сиенит кендери бар.
Ад.: Кирпаль Г. Р., Теняков В. А. Месторождения
алюминия // Рудные месторождения СССР. 2-изд.
М., 1978., т. 1; Одокий Б. Н., Кондырева Г. X. Небокситовые виды алюминиевого сырья в СССР и за
рубежом. М., 1978; Минеральное сырьё. Алюминий:
Справочник. М., 1997.