Difference between revisions of "АЛЬДЕГИДДЕР"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– орг. радикал (R) ж-a суутек
атому м-н байланышкан карбонил тобу >С=0
бар орг. бирикмелер классы. А-дин эң жөнөкөй
өкүлү – формальдегид (кумурска альдегиди).
Алардын мол. массасынын көбөйүшү м-н сууда
эригичтиги азаят. Окистенүү даражасы б-ча
спирттер м-н карбон к-таларынын ортосун
ээлейт. А-ди окистендиргенде молекуласындагы көмүртектин санына жаратпа орг. к-талар
пайда болот. Өзүнө таандык к-танын атына уйкаш аталат, мис., кумурска к-тасына кумурска
альдегиди (формальдегид), уксус к-тасына уксус альдегиди (ацетальдегид) ж. б. Алар хим.
реакцияга өтө жөндөмдүү. Спирттер м-н кошулуп ацеталдарды, гидроксиламиндер м-н оксимди, гидразин м-н гидразондорду, биринчилик
аминдер м-н азометиндерди (RCH=N – R) пайда
кылат. Өнөр жайда СН20 ж-а NH3toh гексаметилтетрамин (уротропин) алынат. А. спирттерди, метил тобу бар ароматтык углеводородцорду, алкендерди кычкылдандыруу, катализатордун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу
ж. б. жолдор м-н алынат. А. спирттерди, карбон к-таларын, полимерлерди, антиоксиданттарды, дары-дармектерди, ароматтык заттарды, синтездик боёкторду ж. б. алууда колдонулат.
С. Адылов.