Difference between revisions of "АНДРЕЙ РУБЛЁВ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(1370-ж. чен – 1430-ж. чен,
Москва, Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Р-дун көз карашынын калыптанышына 14-к-дын 2-жарымы – 15-к-дын
башындагы Москва Русунун улуттук моралы,
рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын о.
кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил»
(экөө тең 14-15-к., Третьяков гал.) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы м-н адепахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Р-дун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда ж-а
Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Р. өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште»
(Третьяков гал.) иконасын жараткан (1412- же
1427-ж. чен). «Үч периштенин» стили 15-к-дын
жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол м-н 1410-ж. «Үч
периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып
турат). Тегерек композициясы периштелердин
ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы м-н толукталган. А. Р-дун чыгармалары маалыматтар
б-ча толугу м-н бизге жеткен жок. Болжол м-н
анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил м-н А. Р-го таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар
кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-ж.
өрттөнүп кеткен. А. Р. көпчүлүк чыгармаларын
шериктери м-н бирдикте иштеген, ошондуктан
анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден
бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Р. м-н Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу
эң чоң композициясынан калган калдыктар бар.
«Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер
живописчи: нефтин борб. сводунун батыш бөлүгүн А. Р., ал эми түш. нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Р-дун иск-восу 15-кдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн.
1947-ж. Андронников монастырында Андрей
Рублёв атн. Байыркы орус иск-восунун музейи
ачылган. А. Р-ду эскерүү 6(19) июлда; Радонеж
касиеттүүлөрү соборунда 4(17) июлда өткөрүлүп
турат. А. Оморова.