Difference between revisions of "АНДЕРСЕН Ханс Кристиан"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Ханс Кристиан (2. 4. 1805, Оденсе -
4. 8. 1875, Копенгаген) – дания жазуучусу. Өтүкчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Копенгаген унтинде окуган. «Өлүм алдындагы бала» ыры (1826-27), «Амагердеги сейилдикке чыгуу» романтикалык фантазиялуу очерки (1929) м-н таанылган. «Мулат» драмасында (1839), «Эки баронесса» романында (1849) феод. доор сынга алынган. О. эле «Импровизатор» (1835) ж-а «Жөнөкөй скрипач» (1937) романдарында
исквонун коомдогу ролу, акын
м-н айлана-чөйрөнүн ортосундагы конфликт көрсөтүлөт. А-дин 1930-40-жылдардагы элдик оозеки чыгармалардын мотивинде
жазылган жомокторунда
адамдар ортосундагы мамилелер м-н жаратылыштын
сулуулугу сүрөттөлөт, адилеттүүлүк даңазаланат.
160тан ашуун жомок жазып, алар дүйнө элине
тараган. Анын «Булбул», «Көлөкө» ж. б. жомоктору кыргыз тилине которулуп (1938-39),
кийин өзүнчө жыйнак болуп чыккан (1959).