Difference between revisions of "АНДЕЗИТ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(Түш. Америкадагы Анд тоолорунун атынан) – порфир структурадагы эффузив
тоо теги. Курамында Si02 54-62% ж-а K20+Na20
6% ке чейин. 1836-ж. нем. геологу К. JI. Бух алгачкы жолу аныктаган. Негизинен жанар тоо
айнегинен турат; айнектин арасында плагиоклаз, андезин, пироксен, кээде магнетит, роговая обманка сыяктуу минералдардын кристаллдары учурайт. А. курамы кремний (56–60%)
ж-а калийден, магнийден, кальцийден, темирден турган жанар тоо лаваларынын жер үстүндө
же ага жакын тереңдикте сууп, катууланусунан пайда болот. Базальттар м-н чогуу азыркы ж-а байыркы жанар тоолордун аймактарында, жер үстүнө чыккан тоо тектердин негизги
бөлүгүн түзөт. А. к-таларга чыдамдуу буюмдарды жасоодо ж-а курулуш иштеринде пайдаланылат.