Difference between revisions of "АММОНИФИКАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

азоттуу орг. кошулмалардын аммиакка чейин ажыроосу. Ал аэробдук

ж-а анаэробдук микроорганизмдердин (бактериялар, актиномицеттер ж-а козу карындар) катышуусунда протеолит ферменттин таасири м-н жүрөт. Бул процесс бардык топуракта, чөйрөнүн ар кандай реакциясында, абада ж-а абасыз да болот. Бирок өтө кычкыл же жегичтүү чөйрөдө, анаэробдук шартта өтө жай болуп, анын ылдамдыгына топурак темп-расы, нымдуулугу ж. б. факторлор таасир этет. Анаэробдук шартта азоттуу орг. заттар аммиакка чейин ажырайт. Аэробдук шартта аммоний туздары нитраттарга чейин кычкылданат. Мында өсүмдүк азотту кыйындык м-н сиңүүчү аммоний, аммиак түрүндө сиңирет. Азоттун табиятта айлануусунда ж-а өсүмдүктөрдү азоттун сиңимдүү түрү м-н камсыз кылууда анын мааниси зор.