Difference between revisions of "АМАНБАЕВ Акмат"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

23:59, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Акмат (1920, Нарын обл., ТяньШань р-ну, Кара-Булак айылы – 1964, Фрунзе) – композитор, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг.

сиң. ишмери (1963). 1935-38-ж. Москвадагы Ипполитов-Иванов атн. муз. техникумда окуган. 1939-ж.
Кыргыз иск-восунун Москвада өткөн 1-декадасында оркестрдин дирижёру катары катышкан. 1940-ж.
Москвадагы П. И. Чайковский атн. консерваториянын улуттук студиясынын композиция бөлүмүнө кирген. 1945-ж. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайынын, 1946- 51-ж. Кыргыз филармониясынын директору болуп иштеген. А. ар түрдүү жанрдагы чыгармалары: К. Жантөшевдин «Ким кантти» (1943, А. Малдыбаев, М. Абдраев, А. Түлөев м-н бирге); «Айдар жана Айша» опералары (1952, С. Л. Германов м-н бирге); «Жаштар маршы», «Партия жөнүндө ода», «Эмне үчүн», «Фрунзем» ырлары, «Үч бөлүмдүү квартети», «Скрипка үчүн үч бөлүмдүү сюитасы», хорлору бар. 1-4-класстар үчүн жалпыга билим берүүчү мектептердин «Ырдоо» аттуу окуу китебинин (Н. Давлесов м-н бирге) ж. б. автору. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медаль м-н сыйланган.

АМАНБАЕВ 1 31.png

Ад.: АлагушовБ. Кыргыз композиторлору. Ф., 1964; Виноградов В. Кыргыз ССРинин музыкалык маданияты. Ф., 1958.