Difference between revisions of "АЛЫМБАЕВ Жээнбек Байыскулович"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Жээнбек Байыскулович [16. 1. 1961-ж.т., Ош (азыркы Жалал-Абад) обл., Аксы р-ну, Афлатун (Авлетим) айылы] – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2010). 1989-ж. Москва мамл. ун-тинин (ММУ) тарых ф-тин бүткөн. 1989–2002-ж. ОшМУда окутуучу, улук окутуучу, декандын орун басары, 2002–06-ж. И. Арабаев атн. КМУнун Гуманитардык билим берүү ин-тунда директордун орун басары, 2006–09-ж. Социалдык-гуманитардык ин-тунда кафедра башчысы, 2009–16-ж. Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас ун-тинин гуманитардык ф-тинин тарых бөлүмүндө доцент, 2016-жылдан профессор. Булак таануу ж-а тарыхнаама б-ча адис. 100дөн ашык ил. эмгектердин автору.