Difference between revisions of "АЛЧА"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(Prunus divaricata Ledeb.) – роза гүлдүүлөр
тукумунун кайналы уруусундагы мөмөлүү дарак; бийикт. 3-10 м, гүлү ак, мөмөсү тоголок, сүйрү, өңү сары, кызыл, мала кызыл, кара кочкул, даамы кычкыл, салм. 15-35 г.
Илдетке туруктуу,
көчөтү 2-3 жылдан кийин мөмө
байлайт. Жапайы
ж-а өстүрүлмө түрү
Балкан ж. а-ында,
О. ж-а Кичи Азияда, Иран, Түн. Кавказ, Украина, За-
кавказье, Молдавияда кездешет. Кырг-ндын түштүгүндөгү мөмө-жемиш токойлорунда ЗОдай жапайы түрү өсөт. Кийинки жылдары ири мөмөлүү
А. өстүрүлө баштады. Бир түп дарагынан 8-
10 кг түшүм алынат. Мөмөсүндө кант, алма ж-а
лимон к-талары, С витамины болот. Андан компот, кыям, повидло ж. б. жасалат. Кеңири белгилүү сорттору: Изобильная, Малиновая, Десертная ж. б. Зыянкечтери: кара алтынчык, алма
шиш тумшугу ж. б. Илдеттери: клястероспориоз,
вертицилёз.