Difference between revisions of "АЛТАЙ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНДҮҮ АЙМАГЫ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
–
полиметаллдын Россиядагы ири кендери жайгашкан аймак. Аймак Россия бөлүгүндөгү Алтай тоолорунун түш.-батыш ж-а түн.-батыш капталдарында, уз. 500 км, туурасы 50 км аянтты ээлейт. Аймак эки жагынан тектон. терең жаракалар м-н чектелет. Анын аймагында негизинен палеозой заманында пайда болгон чөкмө жанар тоо тектери ж-а гранит интрузиялары жатат. Тоо тектер герцин бүктөлүүсүнөн өзгөрүүлөргө учурап, жаракаланган. Аймакта 800дөн ашык полиметалл кени бар. Алардын көпчүлүгү 18-к-дан тартып белгилүү. Ирилери: Зырян, Лениногорск, Змеиногорск, Березовка, Иртыш ж. б. Кендеги негизги металлдар: РЬ, Си, Zn, алардан башка кошумча иретинде Аи, Ag, Cd, Se, Те, As, Sb, Tn, Ga ж. б. 20дан ашык сейрек кездешүүчү элемент бөлүнүп алынат. Кенташтар гранит интрузиялары м-н байланыштуу болуп, тектон. жаракаларга, интрузиянын чет жактарына, антиклиналдык түзүлүштөрдө топтолгон. Кендер герцин металлогения доорунда гидротерм жолу м-н пайда болуп, негизинен тарамчалар, линзалар, уячалар түрүндө кезигет.