Difference between revisions of "АЛП СОЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

23:56, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 Табу Хэцзу, Тапу–9-к-дагы кыргыз кол башчысы (кыт. цзян-цзюнь) ж-a элчиси. 840-ж. кыргыз каганынын Уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол

канатын жетектеген ж-a Енисейдеги Улуу кыргыз империясын негиздөөгө зор салым кошкон. 842-ж. ноябрь айында Кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Ал

АЛП СОЛ 1.png

кыргыз-уйгур мамилелери ж-a уйгурлардын туткунунда калган кытай императорунун кызы Тхай-Хэ тууралуу маалыматтарды жеткирген. Мындан кийин 843-ж. март айында кыргыз каганынын атынан Чшу-у Хэсу (Чугу Алп Сол), 843-ж. июлда Вэнь-у Хэ (Ургу Алп), 843ж. августсентябрь айларында Дидиэсы Нань-Чжу (Тукук Иначы) сыяктуу элчилер келген. Кыргыз каганынын аскер башчысы, элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры ж-дөгү саясий иштерден сырткары, соода-экон. карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн (к. Кыргыз-кытпай дипломатпиялык мамилелери).

Ө. Ж. Осмонов, сүрөтчүсү Р. Исаков.