Difference between revisions of "АККАД"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
|||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
(Аккаде, Агаде) – '' | (Аккаде, Агаде) – ''Месопотамиянын'' түн. бөлүгүндө, Багдаддын түн.-батышында жайгаш­кан байыркы мезгилдеги шаар (Ирактагы азыр­кы Аббу‑Хабба ш‑на жакын). Анын так орун алган жери белгисиз. Б. з. ч. 24–22‑к‑да А. шаа­ры Аккад мамлекетинин борборуна айланып, анын курамына бүткүл Төмөнкү Месопотамия ж‑а ''Элам'' кирген. А. шаарын жогорулаткан ж‑а Аккад мамлекетин негиздеген падыша Саргон Байыркы (Аккаддык, б. з. ч. 2316–2261‑ж. баш­карган) Саргониддер династиясына негиз сал­ган. Саргониддер активдүү тышкы саясат жүргүзүшүп, Месопотамия (Кош-Өзөн) аралыгы­нын түн. бөлүгүнө, ''Кичи Азияга,'' Эламга жор­туулдарды уюштуруп турушкан. Саргондун бий­лик жүргүзгөн мезгилинде А. мамлекетине ''Шу­мер'' каратылган. Кийинчерээк Түш. Месопата­миянын түн. бөлүгү А. деп атала баштаган. А. Эки суу аралыгынын эң кууш жеринде жайга­шып, түндүктөн түштүккө (Армениядан Перси булуңуна) ж‑а чыгыштан батышка (Ирандан Жер Ортолук деңизине, андан Кичи Азияга) карай кеткен дарыя ж‑а кербен соода жолдору­нун түйүнү болгон. A‑да ирригациялык система мыкты өнүккөн. Саргондун тушунда эле армия­нын саны 5400гө жеткен. Алар падышалык казынанын эсебинен кармалган. А‑дын пады­шалары өзүлөрүн «төгөрөктүн төрт тарабынын», атүгүл «ааламдын» падышалары деп аташкан. Бирок өлкөдөгү ич ара чатактар А‑ды алсыра­тып, б. з. ч. 2200‑ж. ченде басып кирген тоо­лук‑кутийлер тарабынан каратылган. Андан соң А. Ур падышалыгынын курамына кирген. Б. з. ч. 3‑2‑миң жылдыктардын чегинде бүткүл Кош‑Өзөн аралыгы сыяктуу эле А. да ''аморе''й­''лердин'' соккусуна дуушарланган. Кийин ал өз ал­дынча мамлекет катары жоюлуп, тарыхый ай­мак катары Вавилон ж‑а Ассирия падышалык­тарынын курамына кирген. А. шаарынын та­рыхый аренадан кайсы мезгилде жок болуп кет­кендиги тууралуу маалыматтар жок ж‑а архео­логдор тарабынан анын калдыктары табылган эмес. А. шаары тууралуу ''Хаммураппинин'' мый­замдарында (б. з. ч. 18‑к.), легендаларда, поэ­маларда, диний гимндерде гана айрым маалы­маттар сакталган.<br> | ||
булуңуна) ж‑а чыгыштан батышка (Ирандан Жер Ортолук деңизине, андан Кичи Азияга) карай кеткен дарыя ж‑а кербен соода жолдору­нун түйүнү болгон. A‑да ирригациялык система мыкты өнүккөн. Саргондун тушунда эле армия­нын саны 5400гө жеткен. Алар падышалык казынанын эсебинен кармалган. А‑дын пады­шалары өзүлөрүн «төгөрөктүн төрт тарабынын», атүгүл «ааламдын» падышалары деп аташкан. Бирок өлкөдөгү | |||
22:51, 22 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(Аккаде, Агаде) – Месопотамиянын түн. бөлүгүндө, Багдаддын түн.-батышында жайгашкан байыркы мезгилдеги шаар (Ирактагы азыркы Аббу‑Хабба ш‑на жакын). Анын так орун алган жери белгисиз. Б. з. ч. 24–22‑к‑да А. шаары Аккад мамлекетинин борборуна айланып, анын курамына бүткүл Төмөнкү Месопотамия ж‑а Элам кирген. А. шаарын жогорулаткан ж‑а Аккад мамлекетин негиздеген падыша Саргон Байыркы (Аккаддык, б. з. ч. 2316–2261‑ж. башкарган) Саргониддер династиясына негиз салган. Саргониддер активдүү тышкы саясат жүргүзүшүп, Месопотамия (Кош-Өзөн) аралыгынын түн. бөлүгүнө, Кичи Азияга, Эламга жортуулдарды уюштуруп турушкан. Саргондун бийлик жүргүзгөн мезгилинде А. мамлекетине Шумер каратылган. Кийинчерээк Түш. Месопатамиянын түн. бөлүгү А. деп атала баштаган. А. Эки суу аралыгынын эң кууш жеринде жайгашып, түндүктөн түштүккө (Армениядан Перси булуңуна) ж‑а чыгыштан батышка (Ирандан Жер Ортолук деңизине, андан Кичи Азияга) карай кеткен дарыя ж‑а кербен соода жолдорунун түйүнү болгон. A‑да ирригациялык система мыкты өнүккөн. Саргондун тушунда эле армиянын саны 5400гө жеткен. Алар падышалык казынанын эсебинен кармалган. А‑дын падышалары өзүлөрүн «төгөрөктүн төрт тарабынын», атүгүл «ааламдын» падышалары деп аташкан. Бирок өлкөдөгү ич ара чатактар А‑ды алсыратып, б. з. ч. 2200‑ж. ченде басып кирген тоолук‑кутийлер тарабынан каратылган. Андан соң А. Ур падышалыгынын курамына кирген. Б. з. ч. 3‑2‑миң жылдыктардын чегинде бүткүл Кош‑Өзөн аралыгы сыяктуу эле А. да аморейлердин соккусуна дуушарланган. Кийин ал өз алдынча мамлекет катары жоюлуп, тарыхый аймак катары Вавилон ж‑а Ассирия падышалыктарынын курамына кирген. А. шаарынын тарыхый аренадан кайсы мезгилде жок болуп кеткендиги тууралуу маалыматтар жок ж‑а археологдор тарабынан анын калдыктары табылган эмес. А. шаары тууралуу Хаммураппинин мыйзамдарында (б. з. ч. 18‑к.), легендаларда, поэмаларда, диний гимндерде гана айрым маалыматтар сакталган.