Difference between revisions of "АКНАЗАРОВА Роза"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

Роза Корчубековна (6. 12. 1955­ж. т., Жалал‑Абад обл., Чаткал р‑ну, Янги‑Ба­зар айылы) – экономист, экономика илимд. док­тору (2005), проф. (2005), КРдин экономикага эмг. сиң. ишмери (1998). КМУну (1978), Моск­вадагы Бүткүл союздук ил.-из. ин‑тунун аспи­рантурасын (1984) бүтүргөн. ФПИде окутуучу (1978‑81), Кыргыз экономика ж‑а айыл чарба ил.-из. ин‑тунда сектор башчы (1992), КРдин Улуттук банкында башкармалыктын начальни­ги, башкы бухгалтер (1992‑96), ДЕБРА агент­чилигинин директору (1996‑99), КРдин Со­циалдык фондунун председатели‑министр (1999­2000), КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000‑01), КРдин Эмгек ж‑а социалдык жактан коргоо министри (2001‑05), КМУда окутуучу (1998‑2006), «Эл ынтымагы» социал‑демокр. партиянын төрайымы. ЗОдан ашуун ил. эмгек­тери, а. и. 9 монографиясы жарык көргөн. Не­гизги эмгектери рынок шартындагы айыл чар­басынын социалдык‑экон. проблемаларына ар­налган.

Эмг.: Рынок ж‑а экономикалык саясат. Б., 1998; Социально‑экономические проблемы аграрной ре­формы. Б., 1999; Формирование и эффективное раз­витие финансовой системы аграрного сектора Кыр­гызстана. Б., 2002; Экономическая эффективность аг­рарного сектора в условиях формирования рыночной финансовой системы. Б., 2004.