Difference between revisions of "АК-МОЛО ОБЛУСУ"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Целиноград облусу (1961–92‑ж.) Казакстан Респ‑нын түндүгүндө.
ж. уюшулган. Аянты 146,2 миң км2. Калкы 736,6 миң (2015). Облуста 14 адм. район, 8 шаар, 12 шаарча бар. Борбору – Астана (Кокшетау) ш. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Казак Сары‑Аркасынын (бийикт. 899 мге чейин) түн.батышы ээлейт. Экономикасынын негизин дан чарбасы (негизинен буудай) ж‑а эт‑сүт багытындагы мал чарбасы түзөт. А. ч‑нын маанилүү тармагы – кайрак дан эгин эгүү дыйканчылыгы. Кой, эчки, уй, жылкы асыралат. Балык кармалат. Энергетикасы Караганды ж‑а Экибастуз көмүр бассейндерине негизделип, 2 ЖЭС (жылуулук электр станциясы) иштейт. Кара металлургия, тоо‑кен, хим., машина куруу, тамак‑аш, жеңил, курулуш материалдары, фарфор‑фаянс, карапа өнөр жай тармактары бар. Негизги өнөр жай борборлору: Астана, Макинск, Атбасар, Алексеевка.