Difference between revisions of "«АК МАКТЫМ» дастаны"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– кыргыздарга арман дастаны ка­тары кеңири тараган уламыш. Анын бир нече варианты көбүнчө түштүк тарапта кеңири жа­йылган. Белгилүү варианттарга М. Зулпиев, Ю. Бостонов, А Токторбаев, К. Жоошбаев, М. Орозматов, Тоголок Молдо жазып калтырган «Кыз Мактымдын арманы» кирет. Ак Мактым ж‑дөгү уламыштын пайда болгон убагын шарттуу түрдө 15‑к‑га ыйгарса болот. «Мактым кыздын» сюже­та (Ю. Бостоновдун варианты б‑ча) кара сөз ж‑а ыр аралаш айтылат. Уламышта калмактын Асан пашасы иниси Чинтайчынын кошуну м‑н Күрөбөскө келип, Мактым сулууну алып кетүүнү көздөшөт. Мактым кыз Телтору атын токуп, шашып качууга камданат. Кыз качып бараткан­да «кырк кулач чачы» чечилип кетип, атынын туягына оролуп, ат жүгүрө албай чалынып жы­гылат да, Мактым калмактардын колуна түшөт. Андан ары окуя Мактым кыздын баатырдык көрсөтүп, эркиндикке чыгышы м‑н бүтөт.