Difference between revisions of "АККАД"
180-227>KadyrM |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(Аккаде, Агаде) – Месопатамиянын түн. бөлүгүндө, Багдаддын түн.-батышында жайгашкан байыркы мезгилдеги шаар (Ирактагы азыркы Аббу‑Хабба ш‑на жакын). Анын так орун алган жери белгисиз. Б. з. ч. 24–22‑к‑да А. шаары Аккад мамлекетинин борборуна айланып, анын курамына бүткүл Төмөнкү Месопатамия ж‑а Элам кирген. А. шаарын жогорулаткан ж‑а Аккад мамлекетин негиздеген падыша Саргон Байыркы (Аккаддык, б. з. ч. 2316–2261‑ж. башкарган) Саргониддер династиясына негиз салган. Саргониддер активдүү тышкы саясат жүргүзүшүп, Месопотамия (Кош өзөн) аралыгынын түн. бөлүгүнө, Кичи Азияга, Эламга жортуулдарды уюштуруп турушкан. Саргондун бийлик жүргүзгөн мезгилинде А. мамлекетине Шумер каратылган. Кийинчерээк Түш. Месопатамиянын түн. бөлүгү А. деп атала баштаган. А. Эки суу аралыгынын эң кууш жеринде жайгашып, түндүктөн түштүккө (Армениядан Перси
булуңуна) ж‑а чыгыштан батышка (Ирандан Жер Ортолук деңизине, андан Кичи Азияга) карай кеткен дарыя ж‑а кербен соода жолдорунун түйүнү болгон. A‑да ирригациялык система мыкты өнүккөн. Саргондун тушунда эле армиянын саны 5400гө жеткен. Алар падышалык казынанын эсебинен кармалган. А‑дын падышалары өзүлөрүн «төгөрөктүн төрт тарабынын», атүгүл «ааламдын» падышалары деп аташкан. Бирок өлкөдөгү ичара чатактар А‑ды алсыратып, б. з. ч. 2200‑ж. ченде басып кирген тоолук‑кутийлер тарабынан каратылган. Андан соң А. Ур падышалыгынын курамына кирген. Б. з. ч. 3‑2‑миң жылдыктардын чегинде бүткүл Кош‑Өзөн аралыгы сыяктуу эле А. да аморейлердин соккусуна дуушарланган. Кийин ал өз алдынча мамлекет катары жоюлуп, тарыхый аймак катары Вавилон ж‑а Ассирия падышалыктарынын курамына кирген. А. шаарынын тарыхый аренадан кайсы мезгилде жок болуп кеткендиги тууралуу маалыматтар жок ж‑а археологдор тарабынан анын калдыктары табылган эмес. А. шаары тууралуу Хаммураппинин мыйзамдарында (б. з. ч. 18‑к.), легендаларда, поэмаларда, диний гимндерде гана айрым маалыматтар сакталган.