Difference between revisions of "АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – 7–12‑к‑га таан­дык археол. эстелик. Бакай‑Ата р‑ндагы Ак­Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз‑Талас автожолунан 75 км ара­лыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан ж‑а рабаттан ту­рат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жал­пы уз. 1080 м. Ал дубал чеп м‑н коргондолуп, мунаралар м‑н бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийикт. 2,5 м. Шаарга түн. жагында­гы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шах­ристандын чыгыш тарабында жайгашып, ай­ланасы турак жайлар м‑н курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай ку­рулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. ка­зууда чийки кыштан тургузулган имарат уран­дылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачыл­ган. Темир эритүүчү мештин ж‑а металл кал­дыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиш­тери оймо‑чиймеленип, сыр м‑н кооздолгон.

А. ш. к‑н о. кылымга тиешелүү жазма булак­тардагы Кул ш‑нын орду м‑н байланыштыры­шат. В. В. Бартольд, М. Е. Массон, А. Н. Берн­штам тарабынан изилденген.

М. И. Москалёв.