Difference between revisions of "АК-БОГУС АШУУСУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Академик Адышев кырка тоосунун Ак‑Богус (түн.) ж‑а Дагдул (түш.батыш) тармактарынын кошулган жеринде. Деңиз деңг. 3800 м бийиктикте. Ак‑Богус (түш.чыгыш) ж‑а Буйга (түн.-батыш) өрөөндөрүн байланыштырган эки айрыктан турат; төмөнкүсү Калмак‑Суу, жогоркусу Ак‑Богус. Калмак‑Суу ашуусу тик, аскалуу, Ак‑Богус тайпаң жон, кум шагылдуу ж‑а байыркы мореналуу. А.-Б. а. аркылуу Алайкуу өрөөнүн Ажыке ж‑а Гүлчө өрөөндөрү м‑н байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Чыгыш капталы тик, арча токойлуу шалбаа, батышы жантайыңкы, альп шалбаа ж‑а субальп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Июнь–октябрь айларында ашуу ачык. Топонимдин 2‑бөлүгү кыргыз диалектинде ж‑а айрым түрк тилдеринде «богус», «богоз», «богос», «бугаз» формаларында кездешип, тоолордогу өткөөл, булуң, кокту‑колоттордун кошулган жери, суу куймасы маанисин туюндурат.