Difference between revisions of "АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– Кырг‑ндагы бардык ил.-из. иштерине жетекчилик кылуучу Кара Кыргыз АОнун Ревкомунун Президиуму тарабынан уюштурулган мекеме (1924‑ж.). Кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин түзүү, окуу пландарын ж‑а программаларын, жобо, инструкцияларын, методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу А. б‑дун башкы милдети болгон. О. эле ил. мекемелердин иштерин жөнгө салуу м‑н жалпы изилдөө иштерин пландаштырган. А. б‑дун алдында терминологиялык комиссия, методикалык бюро ж‑а музей иштери, тарыхый мурастарды, маданий, тарыхый эстеликтерди коргоо уюмдары иштеген. Кыргызстан крайтаануу ил.-из. ин‑ту уюшулганга чейин (1928), А. б. тарабынан маданий курулуштун актуалдуу, татаал ж‑а ар түрдүү маселелери каралган. Кыргыз тилинде жазуунун араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселелери, элдик оозеки чыгармаларды ж‑а тарыхый мурастарды, материалдарды жыйноо, алардын айрымдарын басып чыгаруу, байыркы эстеликтерди сактоо ж. б. иштерди жүргүзгөн.