Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБАНЫ КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
СССРдеги – Совет бийлигинин СССРде социализмди куруу планынын бир бөлүгү. А. ч. к. жеке чарбаларды жоюу м‑н дыйкандарды кооперативдерге, а. ч. артелдерине (коллективдүү чарбага, колхоздорго) бириктирүүнүн негизинде ири чарбалардын товар өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, а. ч‑да мамл. көзөмөлдү орнотуу ж‑а оокаттуу дыйкандардын арасындагы «айылдык буржуазия – кулактарды» эзүүчү тап катары жоюу максатын көздөгөн ж‑а биринчи беш жылдык планды аткаруу жылдарында (1929– 33) репрессиялоо, күч колдонуу ыкмалары аркылуу ылдамдатылган темп м‑н жүргүзүлгөн. 1929‑ж. И. Сталин а. ч‑нда «туташ коллективдештирүү» ураанын жарыялаган. Коллективдештирүү өтө талаш‑тартыштуу, карама‑каршылыктуу натыйжаларды берген. А. ч. толугу м‑н мамл. көзөмөлгө алынып, колхоздордун өндүргөн эгини эң төмөнкү баада сатып алынган ж‑а өлкөнү индустриялаштыруу максатында өнөржай жабдууларын алууга Батыш өлкөлөрүнө экспорттолгон. Дыйкандар өздөрүнүн жеке чарбасында өндүргөн артык баш эгинин эркин сатууга тыюу салынып, аны мамлекетке арзан баада тапшырууга милдеттендирилген. Каршылык көргөзгөндөр кулак деп жарыяланып, мүлкү толугу м‑н конфискацияланган ж‑а сот жообуна тартылган. Жалпысынан, миллионго жакын үй‑бүлөлөр кулакка тартылган. Анын жыйынтыгында колхоздордун продукция өндүрүмдүүлүгү төмөндөгөн, колхозчулар дээрлик эмгек акы алышкан эмес, өзгөчө мал чарбасы катуу жала чеккен. Колхоздоштуруу алыскы аймактарда оор кесепеттерге алып келген. Элет калкы анын маанисин толук түшүнө электе ж‑а тиешелүү өкмөттүк дотацияларга негизденбей, күчтөп ж‑а ыкчам жүргүзүлгөн колхоздоштуруунун айынан 1932–33‑ж. өлкөнү ачарчылык каптаган. Украинада, Түн. Кавказда, Волга боюнда, Казакстанда ж. б. райондордо башталган массалык ачарчылыктын кесепетинен 3–10 миллион адам каза болгон.
Бүткүл өлкөдөгүдөй эле, Кырг‑нда Совет бийлиги орногондон кийин мамлекеттештирилген жерлерде алгачкы коллективдүү чарбалар уюштурула баштаган. А. ч. к. иш‑чаралары көчмөн ж‑а жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу м‑н катар бир мезгилде жүргүзүлгөн. Калкты отурукташтыруу Совет бийлигинин алгачкы жылдарында жүргүзүлгөн жер‑суу реформаларынын жүрүшүндө эле башталган. Ага карабастан 1930‑жылдын башында республикада 85 миң чарба көчмөн абалда калган. Отурукташтыруу максаты коллективдештирүү саясаты м‑н коштолуп, жаңыдан отурукташа баштаган эл зордук м‑н колхоздорго киргизилген. 1925жылдын октябрына карата 232 а. ч. кооперативдери түзүлүп, аларга 21,8 миң адам мүчө болуп кирген. Туташ коллективдештирүүнүн негизинде 1931‑ж. коллективдүү чарбалардын саны 1500гө жеткен. Кооперация кыргыздардын турмушунда тыштан трактор ж. б. жады техникаларды ж‑а каржылык жардамдарды шериктешип алып келип, а. ч‑н өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон. Бирок, коллективдештирүүнүн жүрүшүндөгү мамл. зордук‑зомбулуктун күчөшү, а. ч‑н, өзгөчө мал чарбасын бүлгүнгө учураткан. Колхозго малый бергиси келбегендер массалык түрдө союп же сатып жок кыла баштаган. Натыйжада, 1930‑ж. бодо малдын саны 24,4%, жылкы 18,5%, кой‑эчки 15,5% кыскарган. Эгинди конфискациялоонун натыйжасында жазгы үрөндүк эгин калбай калган. Башка аймактардай эле Кырг‑нда да ачарчылык башталган, бирок негизинен мал чарбасы м‑н алектенген көчмөн кыргыздарда коңшу элдердегидей чоң жоготуулар болгон эмес. Ушундан улам абал оор
болгон Казакстандан ж‑a Сибирден жарым млндой ачка качкындар Кырг‑нга келин башпаана табышкан. Жалпысынан көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу ж‑a коллективдештирүү Улуу Ата Мекендик согушка чейин аяктаган. А. ч. к. ж‑a отурукташтырууда кетирилген олуттуу катачылыктарга карабастан, прогрессивдүү мааниге ээ болгон. Совет бийлигинин жардамы м‑н Кырг‑нда туруктуу айыл‑кыштактар, чарбалык борборлор пайда болуп, аларда түрдүү агартуу мекемелери, мектептер, турмуш‑тиричилик ишканалары курулган.
Ад.: Вылцан М. А, Данилов В. П., Кабанов В. В., Мошков Ю. А Коллективизация сельского хозяйства СССР. Пути, формы, достижения. М., 1981.
А Орозов.