Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– өсүмдүктү ил­дет, зыянкечтерден коргоо, отоо чөптү, жайыт ж‑а чабындыда пайдасыз бадалдарды жок кы­луу, түшүм жыйноо алдында нахта жалбыра­гын түшүрүү, минер. жер семирткич чачуу, жа­йытка чөп эгүү, жандыктарды, а. ч. шайманда­рын ташуу, мед. ж‑а вет. жардам (оорулуу адам­дарды ташуу, дары‑дармек жеткирүү ж. б.) көрсөтүү ж. б‑да пайдаланылат. А. ч‑нда АН‑2, АН‑2М, ЯК‑12 самолёттору, МИ‑1НХ, КА‑15, МИ‑1, МИ‑2 вертолёттору колдонулат. Аларда суюк химикат, минер. жер семирткич, чөп уру­гун ж. б. чачуучу атайын аппаратуралар ор­нотулган. Анын жардамы м‑н бардык өсүм­дүктөрдүн (айрыкча пахта, эгин, кант кызыл­часы) зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүлөт. Өсүмдүк зыянкечи м‑н илдет козгогучунун түрүнө жараша күкүмдөлгөн кургак пестицидди (1 га жерге 10‑40 кг), суюк уу химикаттарды (1 га жерге 5‑50 л) 5–10 м бийиктиктен чачат (чаңдатат). Уу химикатты майда тамчылатып чачуу ыкмасы жакшы натыйжа берип, суюк­тук аз (5‑25 л) жумшалат. Мындай чандатып чачуу иштери адатта эртең м‑н (саат 4төн 9га чейин), кечинде (саат 17ден 20га чейин) жүр­гүзүлөт.