Difference between revisions of "АЙТМАТОВ ТААНУУ"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– кыргыз адабият таануу илиминин бир тармагы. Жазуучу Ч. Айтматовдун чыг‑лыгын иликтеп, талдайт. Борб. Азия аймагында: Казакстанда абайтаануу, ауэзовтаануу, Өзбекстанда навоитаануу, Кырг‑нда айтматовтаануу, алыкултаануу илимдери пайда болду. A‑да жазуучунун өмүрү м‑н чыг‑лыгы, филос., коомдук‑эстетикалык көз карашын чагылдырган эмгектери камтылды. Ч. Айтматов ад‑т майданына келгенден тартып эле окурмандардын көңүлүн өзүнө бурду. Ага арналган макалалар Кырг‑нда ж. б. респ‑ларда да жарыялана баштады. Бул процесс өзгөчө «Жамийла» повестинин жарык көрүшү м‑н күч алды. Казак ад‑тынын классиги М. Ауэзов ж‑a француз жазуучусу JI. Арагон повестке жогору бая беришкен. 1959‑ж. JI. Арагон повестти орус тилинен француз тилине которуп, Парижден жарык көргөн. Ушундан баштап Ч. Айтматовдун чыгармалары ар түрдүү тилдерде жарык көрүүдө, чет өлкөлөрдө Айтматовдун чыг‑лыгына байланыштуу ил. изилдөөлөр, рецензиялар, монографиялар, окурмандык ойлор да үзгүлтүксүз жарыяланып келет. 1963‑ж. жазуучуга «Тоо, талаалар повести» үчүн Лениндик сыйл. ыйгарылгандан кийин да көп сандаган макала гезит‑журналдардын беттерине басылып чыкты. Мындай факты‑материалдар өз кезегинде жалпылаштырылган ил. анализди, жыйынтыктоо зарылдыгын жаратты, натыйжада бир канча кандидаттык диссертациялар, адабият таанууда ж‑a адабий сында бир топ кызыктуу ил. эмгектер жазылган. А. Анастасьева, JI. Арутюнов, Вл. Воронов, Г. Гачев, Н. Гейн, Ч. Гусейнов, У. Далгат, А. Исенов, 3. Кедрина, В. Коркин, В. Левченко, Г. Ломидзе, В. Новиков, А. Овчаренко, В. Осиоцкий, Б. Паикин, В. Селиверстов, В. Смирнова, Ю. Суровцева, Л. Якименко ж. б.
макалаларында, монографияларында жазуучунун чыг‑лыгына байланыштуу бир топ проблемалар концептуалдуу чечилишке ээ болду. Алардын ичинен филология илимд. доктору Г. Гачевдин «Айтматов и мировая литература» (1982) аттуу көлөмдүү монографиясында жазуучунун чыг‑лыгындагы улуттук дүйнө тааным ж‑а мифология проблемасы дүйнөлүк мад‑ттын контекстинде каралып, андагы ар тараптуу оригиналдуу, айрым жерлеринде талаш‑тартыштуу ойлору бар олуттуу концепциялары жаңыча изилдөөлөрдүн жаралышына өбөлгө түзгөн. Аталган монографияга чейин окумуштуунун мезгилдүү басма сөздө бир нече макалалары («Любовь, человек, эпоха. Рассуждение о повести «Джамилия» деген ат м‑н) «Советский писатель» басмасынан (1965) өзүнчө китепче түрүндө жарык көргөн. Ч. Айтматов б‑ча союздук ж‑а респ. басма сөздөрдө жарык көргөн макалаларды (башка тилде болсо орусчага которуу) жыйноо үчүн ташпырма берилип, КР УИАнын Тил ж‑а адабият ин‑ту тарабынан 1975‑ж. «Чингиз Айтматов: статьи и рецензии о его творчестве» аттуу 50 ООО нуска м‑н 17 басма табак көлөмүндө китеп басылып чыккан. Ага 55 макала кирген. Кырг‑ндагы А. илиминин өнүгүшүн 1950‑жылдардан кийинки кыргыз адабият теориясы, адабият тарыхы ж‑а адабий сынынын өнүгүү процессинен бөлүп кароого болбойт. К. Абдылдабековдун «Жазуучу жана адабий сын» монографиясы (1979), 1960‑жылдардын ичинде ж‑а андан кийинки жылдары жарык көргөн «Чыңгыз Айтматов» (Б. Ашымбаев. Ф., 1965), «Откровения любви» (В. Селиверстов. Ф., 1966), 80‑жылдары «Публицисттин үнү» (3. Закирова. Ф., 1980), «Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү» (Л. Үкүбаева. Ф., 1984), «Чингиз Айтматов» (В. Левченко. М., 1986), «Восприятия творчества Чингиза Айтматова в англоязычных литературах» (Ж. Рыскулова. Ф., 1987), «Адам, адабият жана аалам» (К. Ибраимов. 1986), «Чыңгыз Айтматов жана боордош элдер адабияты» (А. Акматалиев. Ф., 1988), «Айтматовго таасирленүү» (А. Акматалиев. Ф., 1988), «Чыңгыз Айтматов: жизнь и творчество» (Б., 1991), «Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (А. Акматалиев. Анкара, 1999), «Чингиз Айтматов в Германии» (исследования, статьи и рецензии о его творчестве, составитель Е. И. Шагалова. Ф., 1991), «Кыргызстанда Айтматов таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү» (А. Садыков. Ф., 1992), «Ч. Айтматовдун повесттериндеги салыштыруу жана метафора» (Ж. Бакашова. Ф., 1992), «Ч. Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (А. Садыков. Ж. Бакашова. Б., 1997), «Айтматовдун автокотормолору», «Тоо арасында» романынын орусча котормосу» (А. Садыков. Б., 1998) ж. б. маалыматтар
Кырг‑нда А. илими күрдөөлдүү өнүгүп жаткандыгынын күбөсү боло алат. Айтматовдун чыг‑лыгы о. эле улуттук иск‑вобуздун бардык тармагьша өз таасирин тийгизди («Чыңгыз Айтматов жана искусство», 1978), «Шекер и космос» (К. Асаналиев. 2000), «Реализм дүйнөсүндө» (А. Садыков, А. Жантаев. Б., 2001), «Ч. Айтматовдун пейзаж тартуу чеберчилиги» (Н. Сыдыков. Б., 2002), «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы символдор» (А. Садыков, Н. Тыныстанова. Б., 2002), «Айтматов – котормочу» (А. Садыков. Б., 2003), «Империя Айтматова: Художник и мыслитель Чингиз Айтматов интеллектуальный покоритель XX столетия» (Р. Рахманалиев. М., 2005). Ч. Айтматовдун чыг‑лыгына арнап о. эле белгилүү окумуштуулар Ч. Жолдошева, С. Жигитов, А. Эркебаев, И. Лайлиева ж. б. арбын эмгек жазышты. Бүгүнкү күнгө чейин кандидаттык, докторлук диссертациялар жакталды, жыйнактар, монографиялар жарык көрүүдө, эл аралык ил.-практикалык конференциялар (1985,1988,1993,1999) өткөрүлгөн.
А. Садыков, А. Кадырмамбетова.