Difference between revisions of "АЙСБЕРГ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(англ. iceberg, голл. Ijsberg; ise, ijs муз, berg – too) – океан м‑н деңиздерде калкып жүргөн же алардын тайыз жеринде токтоп калган муз тоо. Ал материк муздарынын четтеринен омурулуп бөлүнүшүнөн пайда болот. Көлөмүнүн 83–90% и суу астында; суу үстүндөгү бөлүгүнүн орт. бийикт. 5 мден жогору, Арктикада 10 м, Антарктидада 100 м. Узуну ж‑a туу-
расы бир нече кмге жетет (к. сүрөт). Ири А‑дер Антарктика, Канадалык Арктика а‑нда ж‑а Гренландияда көп пайда болот. А. деңиз катнашуусу үчүн опурталдуу (мис., 1912‑ж. «Титаник» ж‑а 1959‑ж. «Хедтофт» кемелери А. м‑н болгон кагылышуу). Түн. Атлантикада А‑ге байкоо жүргүзүү б‑ча «Муздагы күзөт» кызматы иштейт.