Difference between revisions of "АЙБАНАТТАР СТИЛИ"
Jump to navigation
Jump to search
117-179>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
– байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы. Сак‑массагет, скиф‑сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археол. илиминде А. с. деп б. з. ч. 1-миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, Түш. Сибирде, О. Азияда ж‑а Кара деңиздин түндүгүнө чейин кеңири тараган. Адамдар реалдуу ж‑а мифологиялык айбанаттардын турпаттарын аска‑таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн. Адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышып (тотемизм), байыркы ата‑бабаларын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка түспөлдөштүрүшкөн (мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б.). | |||
[[File:АЙБАНАТТАР СТИЛИ43.png | thumb | Колодон жасалган букалар (б. з. ч. 53 к., Ысык‑Көл өрөөнү, Челпек айылы).]] | [[File:АЙБАНАТТАР СТИЛИ43.png | thumb | Колодон жасалган букалар (б. з. ч. 53 к., Ысык‑Көл өрөөнү, Челпек айылы).]] | ||
Адамдар ошолорго табынып күч‑кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын турпаттарын жасап, тумарча сыяктуу мойнуна тагып же ыйык колдоочу катары алып жүрүшкөн. Жаныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу мазарларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге, чырактарга, о. эле ат жабдыктарына, кооздук буюмдарга, куралдарга, чопо идиштерге, аска беттерине түшүрүлгөн. Кырг‑нда А. с‑не таандык үлгүлөр көбүнчө Кетмен‑Төбө өрөөнүнөн табылган.<br> | |||
''К. Табалдиев.''<br> | ''К. Табалдиев.''<br> | ||
14:09, 13 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы. Сак‑массагет, скиф‑сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археол. илиминде А. с. деп б. з. ч. 1-миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, Түш. Сибирде, О. Азияда ж‑а Кара деңиздин түндүгүнө чейин кеңири тараган. Адамдар реалдуу ж‑а мифологиялык айбанаттардын турпаттарын аска‑таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн. Адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышып (тотемизм), байыркы ата‑бабаларын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка түспөлдөштүрүшкөн (мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б.).
Адамдар ошолорго табынып күч‑кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын турпаттарын жасап, тумарча сыяктуу мойнуна тагып же ыйык колдоочу катары алып жүрүшкөн. Жаныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу мазарларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге, чырактарга, о. эле ат жабдыктарына, кооздук буюмдарга, куралдарга, чопо идиштерге, аска беттерине түшүрүлгөн. Кырг‑нда А. с‑не таандык үлгүлөр көбүнчө Кетмен‑Төбө өрөөнүнөн табылган.
К. Табалдиев.