Difference between revisions of "АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– адамды тегерете курчап турган жашоо‑тиричилик ж‑а өндүрүштүк иш шарты. Адатта ага табигый чөйрөсү ж‑а адам өзү жараткан материалдык чөйрө (курулуштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагычтар, канал дар, жолдор ж. б.) кирет. А.-ч. жа ратылыш чөйрөсүнө Караганда кеңирирээк мааниде. Табигый чөйрөсү коргоого көбүрөөк муктаж болот. Анткени, адамзат жараткан чөй рөнүн объектилеринен ткабигый чөйрө жабыркап, алардын байланыштары үзүлүп, таби гый тең салмактуулук бузулат. Демек, коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнө ж‑а адамзаттын дээрлик геогр. кабыкты камтып иш чөйрөсүнүн кеңейишине жараша табиятты коргоо б‑ча комплекстүү иш‑чаралардын зарылдыгы келип чыгат.