Difference between revisions of "АЙКЕЛДЕР"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– орто кылымдардагы көчмөн түрк тилдүү урууларына таандык мүрзөлөрдөгү обочо атайын аянтка орнотулган, маркумдун элеси түшүрүлгөн таш эстеликтер.
Байыркы түрк рун жазууларында «бедиз» деген ат м‑н белгилүү. А. монголоид түспөлдөгү адамдарга окшош ке лип, алардын көпчүлүгүнө адамдын турпаты, курал‑жабдыгы же колуна кармаган чөйчөгү (чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган), кушу, айрым учурларда сөйкө, билериктери, кийим‑кечесинин деталдары м‑н кошо чегилген.
А‑дин бийикт. 0,4–3 м. Алардын көпчүлүгү жоокер түспөлүндө. Аял түспөлүндөгү А‑дер сейрек кездешет. Айрым учурларда А. жеңилген жоонун
башчысына карата да жасалган. А. Монголиядан, Европанын түш.-чыгыш талааларынан, Борб. Азия дан, Түш. Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы А. байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.) көпчүлүгү 6–13‑к‑дагы кыргыз, огуз, кыпчак ж. б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай А. Кырг‑ндын Нарын, Талас, Чүй, Ысык‑Көл өрөөндөрүнөн көп табылган. А. Кырг‑нда 6‑к‑дан 10‑к‑га чейин коюлуп, ис лам дини тарала баштагандан кийин бул салт акырындап жоюла баштаган.
К. Табалдиев.