Difference between revisions of "АЙДАРБЕКОВ Иманаалы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 Иманаалы (1894, Бишкек уезди – 1937) – саясий ж‑а мамл. ишмер;

Совет бийлигин орнотуу ж‑а чыңдоо үчүн жигердүү кү­рөшкөндөрдөн. 1909‑ж. Пишпектеги а. ч. тех­никумун бүтүргөн. 1918–20‑ж. Пишпек уезддик­шаардык совет аткому­нун, 1920–21‑ж. Каракол уезддик ревкомунун мүчө­сү, 1921–23‑ж. Пишпек уездцик советинин атко­мунун төрагасы, 1923– 24‑ж. Жети‑Суу обл. жер бөлүмүнүн башчысы, обл­аткомдун төрагасы, 1924‑ж. Кыргыз автономия обл‑нун ревкомунун төрагасы болуп дайындалган. 1925–26‑ж. Таш­кентте «Орто Азиядан» кеңсесинде башкар­малыктын мүчөсү болгон. 1927–29‑ж. Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай ж‑а соода эл ко миссары, 1930–31‑ж. Кыргыз а. ч. банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АССР юс тиция эл комиссары, Кыргыз АССРинин Баш

АЙДАРБЕКОВ 149.png

кы сотунун төрагасы болуп иштеген. А. Совет­тердин болуштук, уездик, обл. съезддерине бир нече ирет делегат болуп шайланган. Ак‑Суу коз­голоңун, Нарындагы көтөрүлүштү басууга ка­тышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү ка­тышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борб. аткому­нун Ардак грамотасы м‑н сыйланган. 1937‑ж. жалган жалаа м‑н атылган. 1991‑ж. сөөгү Ата‑Бе йит көрүстөнүнө ариет‑аза күтүү салты м‑н кайра коюлган.