Difference between revisions of "АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 Ош обл‑нун Кара­Кулжа р‑нунда, Кара‑Кулжа кыш‑нан 25 км ара­лыкта, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы Тар суусунун алабында, деңиз деңг. 2020–2179 м бийиктикте жайгашкан. 1986‑ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагын бор, палеоген‑неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кендүү кат­мар бор мезгилинде пайда болгон акиташ тек­теринин арасында жайгашкан. Ангидрит кат­марынын уз. 1,5 км, калыңдыгы 10 м. Таштын өңү күрөң, ачык боз, көгүш боз. Кенден блок

алуу мүмкүнчүлүгү 50% ке жетет. 1 м3 блоктон
14–20 такта алынат. Ангидрит имараттын ички дубалын каптап кооздоого ж‑а кооз буюмдар­ды жасоого жарамдуу. Запасы C1+C1 катего­
риясы б‑ча 1857,4 миң м3.