Difference between revisions of "АЖЫДААР ЧОПО КЕНИ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Чүй обл‑нун ЫсыкАта р‑нунда, Ивановка айылынын 28 км түштүктө, Кыргыз Ала‑Тоосунун түн. этегинде, де ңиз деңг. 1079‑1200 м бийиктикте. 1969‑ж. табылып, 1973- ж‑а 1987‑ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң тектер түзөт. Пайдалуу чопо катмары пролювий‑аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болуп, кум‑шагылдын үстүндө жатат. Катмардын уз. бир нече кжге созулуп, калыңдыгы 7–20 м. Саргыч боз түстө. Арасында бирин‑серин гипс кезигет. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм – 31,99–44,73%; 0,01–0,005 мм – 7,33–19,29%;
0,5–0,01 мм – 42,32–54,36%; суу сиңиримдүүлүгү 18%. Чоподон Ивановка курулуш материалдар комбинаты «75», «100» маркасындагы кирпич жасайт. Запасы В категориясы б‑ча 815 миң м3, Cj‑1687 миң м3, B+Cj‑2502 миң м3.
1996‑ж. карата калган запасы В категориясы б‑ча 354 миң м3,C1–1671 миң м3, В+С –
2025 миң м3.