Difference between revisions of "АЖЫБЕКОВА Гүлсара"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Гүлсара (27. 3. 1950‑ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – артист, КРдин эл арт.
. 1972‑ж. Москвадагы А. В. Луначарский атн. мамл. театр ин‑тунун актёрдук ф‑тин бүткөн. 1972‑жылдан Кыргыз мамл. акад. дра ма театрында артист, 2002‑04‑ж. Кырг‑н кине
матографисттер союзунун төрайымы болуп иштеген.
А. театрда ж‑а кинодо бүт күл инсандык, сүрөткердик кубаты м‑н каармандардын образын түзүп, алардын ич ки сырын, кулк‑мүнөзүн жөнөкөй, жеткиликтүү да ражада бере алган. Аткарган негизги ролдору: Ели
завета (У. Шекспир, «Ричард III»), Зубаржат (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик траге дия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») ж. б. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (реж.
Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (реж. К. Акматалиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чыңгызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (реж. Ж. Сооданбек, «Процесс»), Сали ма (реж. К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (реж. Б. Карагулов, «Найман эненин кошогу») ж. б. Дүйшөмбү ш‑нда өткөрүлгөн
О. Азия респ‑ларынын ж‑а Казакстандын «Нооруз‑91» фестивалында «Петрарканын окуусу» кинофильминен (реж. Р. Ибрагимбеков) тергөөчүнүн – аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн лауреат деген наамга ээ болгон. 1998‑ж. «Бир актёрдун театры» м‑н Россия ж‑а Украинанын шаарларында гастролдо болуп, Еврепиддин «Медея» спектаклин коюшкан. А. «Гульсара» менчик оюн‑зоок кинофирмасын жетектейт (2006). Медалдар м‑н сыйланган.
Т. Сатаров.