Difference between revisions of "АЖО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – кытай булактарында эскерилген о. кы­лымдардагы кыргыз өкүмдарынын бийлик ти тулу. Айрым синологдор A‑ну «Ажэ» деп чеч­мелешип, ал монгол доорундагы кыргыз журт башчыларынын өкүмдарлык титулу «инал» маа­нисин туюнтат деп эсептешет. А‑нун башкаруу бийлик мерчеми 9‑к‑дын баш ченинен 847‑ж. аралыгын камтыйт. Буга чейин ж‑а андан ки­йинки мезгилди баяндаган кытай жазма бу лактарында «А.» аталышы кездешпейт. Кыя­зы, ушул кыска аралыкта Кыргыз мамлекети­нин тышкы саясий даражасын даңазалатып, жакынкы коңшу өлкөлөр аны м‑н эсептешки­дей абалга жеткирген өкүмдарды калк кадыр­лап, «А.» деп атаса керек. А. кышында суусар бөрк, жайында төбөсү бийик шуштугуй, кыр­бусу кайрылып, жээги алтын м‑н кыргактал­ган баш кийим кийген. Ал Кыргыз мамлекетин ийкем жетектеп, бирден‑бир душманы болгон Уйгур кагандыгынын бийлигинен куткарган. Уйгурлардын алсырап баратканын сезген А. өзүн каган, түргөш тектүү жесир энесин – ханыша, насили карлук аялын – ханайым деп жарыя­лаган. Буга каарданган уйгур каганы кыргыз­дарга каршы ийгиликсиз аяктаган жортуул уюштурган ж‑а бул эки мамлекеттин ортосун­дагы согуш 20 жылга жакын созулган. 840‑ж. А. 100 миңдей аскерин баштап, Уйгур каганды­гын басып алган. Ошол мезгилде Кыргыз мам­лекетинин күч‑кубаты артып, анын аскерлери чыгыш Маньчжурия, батыш Теңир‑Тоого чейин жеткен. Кыргыз калкынын бир бөлүгү батыш­ка оогон ж‑а алар кийин азыркы кыргыз этно­сун түптөөгө негиз болушкан. «Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок» деген ылакап кеп ошол замандан калган болсо керек.
М. Кожобеков.